Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:03

Тажикстандын элчиси ТИМге чакыртылды


Кыргызстандын Тышкы иштер министрилигинин имараты
Кыргызстандын Тышкы иштер министрилигинин имараты

Кыргыз-тажик чек арасына 10-январга караган түнү орун алган жаңжал боюнча Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков коңшу өлкөнүн тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, сүйлөшүү учурунда министр Айдарбеков коңшу өлкөнүн жарандарынын кыргыз жарандарынын автоунааларына таш ыргытып, ок атканына тынчсыздануусун билдирген.

Андан тышкары, Тышкы иштер министрлигине Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси чакырылды.

10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чатак чыгып, тажик айылы тараптан кыргыз тарапка туш келди ок атылганы кабарланган. Мамлекеттик чек ара кызматы жаңжал болгонун ырастап, Тажикстан тараптан майда калибрлүү мергенчилик куралдан ок атылганын маалымдады.

Тажикстандын расмий органдары болсо жаңжалды кыргызстандык жарандан баштаганын айтып, жоопкерчиликти кыргыз тарапка жүктөөдө.(BkA)

XS
SM
MD
LG