Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:46

Баткен: чек арада буулган жол ачылды


Баткен районунун Көк-Таш айылы. 11-январь, 2020-жыл.
Баткен районунун Көк-Таш айылы. 11-январь, 2020-жыл.

Баткен районундагы Көк-Таш айылынын тургундары бууп турган Ош-Баткен-Исфана жолу ачылды.

Бул тууралуу кабарлаган Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-тажик чегинде абал салыштырмалуу туруктуу экенин, бирок чыңалуу сакталып турганын билдирди.

Окуя чыккан жерде жүргөн “Азаттыктын” кабарчысынын айтымында, жолду ачыш үчүн милиция күч колдонгон. Анын жыйынтыгында айрым автоунааларга залал келтирилген. Бирок чогулган адамдар тарабай турат.

Буга чейин Көк-Таш айылынын айрым тургундарын чек арадагы кырдаалды курчутууга аракет кылды деген кине менен милиция кармап кеткен. Көк-Таштын тургундары кармалган кармалгандарды бошотууну талап кылып, кан жолду буушкан. Учурда кырдаалга милиция кызматкерлери жана чек арачылар көз салууда.

Чек ара кызматы бүгүн Баткен облусунун Төрт-Көчө аймагында тажик жарандары Кыргызстандын жарандарынын автоунааларына таш ыргытканын кабарлады. Мындан улам эки өлкөнүн жарандары ортосунда пикир келишпестик жаралып, бири-бирин таш менен урушкан.

Кыргызстандын жана Тажикстандын күч органдарынын кийлигишүүсү менен чатак токтотулган.

Бүгүн, 11-январда Баткен районунун акими Каланбек Маркаев жана жергиликтүү күч органдарынын башчылары жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөргөн.

Анын жүрүшүндө жергиликтүүлөр эл жыш жайгашкан чек ара аймактарына туруктуу күзөт коюуну талап кылышкан.

Жолугушуудан кийин Баткен районун Көк-Таш айылынын тургундары чек ара маселесин чечүү жана күзөт коюу талабын коюп, айылды Дахма аймагы менен байланыштырган жолго таш төгүп, бууп коюшкан.

Кырдаалга эки өлкөнүн милиция жана чек арачылары көз салууда.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Абдикарим Алимбаев жана ички иштер министринин орун басары баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чогулган эл менен жолуккан.

Жээнбеков: Чек арада кырдаалдын курчуп кетишине жол бербейли

Кыргыз-тажик чек арасында 10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасындагы Кыргызстандын Баткен районунун жана Тажикстандын Исфара районунун тургундарынын ортосунда чатак чыгып, туш келди ок атылган.

Буга байланыштуу 11-январда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон телефон аркылуу сүйлөшүп, чек арадагы акыркы абалды талкуулады.

Бул тууралуу кыргыз президентинин маалымат кызматы кабарлады. Анда Жээнбеков эки өлкөнүн чек арасында туруктуу абалды сактоо зарылдыгын белгилеп, жарандардын күнүмдүк тиричилик чыр-чатактары өтө сезимтал болуп калганын кошумчалаган.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон. Архивдик сүрөт.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон. Архивдик сүрөт.

«Кыргыздар менен тажиктердин ортосунда көп кылымдан бери достук мамиле болуп келген, бар жана да боло бермекчи. Биз чек арадагы кырдаалдын курчуп кетишине жол бербешибиз керек. Тилекке каршы, акыркы убакта чек ара аймагында чыр-чатактар көп болуп жатат. Кечээ эле Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында кезектеги чыр-чатак катталды», деп айтылат президенттик аппарат тараткан маалыматта.

Жээнбеков мындай окуялардын алдын-алуу үчүн жергиликтүү калктын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү белгилеп, ЖМКдагы чагымчыл маалыматтар эки өлкөнүн коңшулук жана достук мамилелерине туура келбей турганын айткан.

Буга кошумча кыргыз президенти биргелешкен иликтөөнүн натыйжасында чек арадагы чыр-чатактын чыгышына күнөөлүүлөрдү жазага тартуу керектигин кошумчалаган.

Учурда кыргыз-тажик чек арасында учурда абал салыштырмалуу туруктуу экени Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы 11-январда кабарлады. Маалыматка ылайык, түнү бою чек арачылар жана укук коргоо кызматкерлери коопсуздукка көз салып турду.

Чек ара кызматы өткөн түнү Тажикстандын аймагынан мезгил-мезгили менен ок атуунун үнү угулганын билдирүүдө. Чек арачылар аңчылык мылтыктын үнү болушу мүмкүн деп болжолдошууда.

Ал эми түнкү саат 12.40тар чамасында Баткен районунун Төрт-Көчө аймагынан тажик жарандары кыргызстандык жаранга таандык Volvo үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунааны таш менен ургулашкан. Анын терезеси талкаланган. Бул окуя боюнча Тажикстандын тиешелүү органдары маалымат бере элек.

Учурда Баткен облусунун аймагында чек арачылар күчөтүлгөн режимде иштеп жатат.

Бир күн мурда

10-январда Баткен облустук милициясынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова кыргыз-тажик чек арасын эки өлкөнүн күч кызматкерлери чогуу кайтарып жатканын билдирген.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашынча Кыргыз-тажик бийлик өкүлдөрүнүн чек ара боюнча сүйлөшүүсү аяктады. Маалыматка ылайык, сүйлөшүүгө өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Кеңеш Салихов, Тажикстандын Согди облусунун төрагасынын биринчи орун басары Бахавидин Баходирзода жана облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Анда тараптар кырдаалды турукташтыруу үчүн жергиликтүү эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, чек арачылар, ички иштер кызматкерлери биргеликте иш алып барууну макулдашты.

Ошондой эле Баткен району менен Тажикстандын Исфара райондорунун чыр-чатак көп катталган чек ара тилкелерине видео байкоо орнотууну сүйлөшүштү.

Буга чейин чек арадагы акыркы жаңжалга эки тарап бири-бирин айыптаган.

10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чатак чыгып, тажик айылы тараптан кыргыз тарапка туш келди ок атылган. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы Тажикстан тараптан майда калибрлүү мергенчилик куралдан ок атылганын маалымдаган.

Ал эми Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлери жаңжалга кыргыз жарандарынын аракети себеп болгонун билдирген маалымат таратты.

Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн күч түзүмдөрүнө Баткен облусунда болуп өткөн окуяга байланыштуу кыргыз-тажик тилкесинде мамлекеттик чек араны кайтарууну жана коргоону күчөтүү тапшырмасын берди.​

Кыргыз-тажик чек арасында жаңжал орун алган жердеги тургундар Баткен облусунун Көк-Таш айылындагы мектептин имаратына жайгаштырылды. Алардын көпчүлүгү балдар жана аялдар. Мындай аракет жергиликтүү тургундардын коопсуздугун сактоо максатында жасалды.

Учурда чек арага жакын аймакта кырдаал тынч. Бүгүн эки өлкөнүн вице-премьерлери Жеңиш Разаков жана Азим Иброгим да телефон аркылуу сүйлөштү. Анда Баткен облусунда болгон окуядан кийин кырдаалдын курчушуна алып келбөө, чагымга алдырбоо боюнча чараларды кабыл алуу боюнча пикир алышты.

Ошондой эле окуяны ар тараптуу иликтөөнү өткөрүү тууралуу макулдашылды. Мындан сырткары быйыл январь айында чек араны тактоо боюнча эки өлкөнүн жумушчу топторунун жолугушуусун өткөрүү боюнча тиешелүү органдарга тапшырма берилди.

Кыргыз-тажик чек арасына 10-январга караган түнү орун алган жаңжал боюнча Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков коңшу өлкөнүн тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, сүйлөшүү учурунда министр Айдарбеков коңшу өлкөнүн жарандарынын кыргыз жарандарынын автоунааларына таш ыргытып, ок атканына тынчсыздануусун билдирген.

Андан тышкары, Тышкы иштер министрлигине Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси чакырылды.

Чек арадагы акыркы жаңжал

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы тараткан маалыматка ылайык, 9-январдан 10уна караган түнү Баткен районунун Жака-Өрүк деген жеринде саат 00.40та белгисиз адамдар кыргыз жаранынын Баткен шаарына бараткан автоунаасын таш менен ургулашкан. Белгисиз адамдар андан соң Тажикстандын аймагына из жашырып кетишкен. Кыргызстандын укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, машинеде отургандардын арасында жабыркаган кыргыз жарандары бар. Автоунаанын арткы жана каптал айнектери сынган.

Мекемеден алынган маалыматка караганда, болжол менен бир сааттан кийин Тажикстандын жарандары Көчө-Карын деген жерде Баткенден Көк-Таш айылына бараткан башка бир кыргыз жаранынын машинесин да таш менен ургулашкан. Натыйжада анын алдыңкы айнеги талкаланган.

Мамлекеттик чек ара кызматы билдиргендей, болжол менен түнкү саат 02:40та Тажикстандын жарандары Дахма тилкесиндеги Кыргызстандын жаранынын үйүнө таш ыргытышкан. Кыргызстандык жарандын үйүнө укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен кошо бараткан чек арачыларга Тажикстан тараптан майда калибрдүү мергенчи мылтыктан ок атылган. Мекеменин маалыматына караганда, ок тажик тараптан гана маал-маалы менен атылып жатат. Баткен облусунда жайгашкан чек ара түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат кылууда.

Милиция жергиликтүү тургундардын коопсуздугун сактоо максатында аларды Көк-Таш айылындагы мектепке жайгаштырды.

Учурда Баткен облусундагы милиция кызматкерлери да күчөтүлгөн режимде иштей баштады. Окуя болгон жерге ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев барып, милициянын ишин көзөмөлдөп жатат.

Тажик тараптын версиясы

Кыргыз-тажик чек арасындагы өткөн түнү орун алган жаңжал боюнча Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетине караштуу Чек ара аскерлери маалымат таратты. Анда жаңжалдын чыгышына жоопкерчиликти Баткен районундагы Көк-Таш айылынын тургундарына жүктөгөн.

Тажик тараптын маалыматы боюнча, 9-январь кечинде Көк-Таштын тургундары Султанбек Абдуллаев деген тургундун үйүнүн жанына чогулуп, тажик жарандарын жолдон өтүшүнө жолтоо кылышкан.

Кечки саат 21.30дар чамасында кыргыз жарандары коңшу өлкөнүн Кожоало айылынын тургуну Зафар Азамовдун автоунаасына таш менен ургулап, терезесин сындырган.

Коңшу өлкөнүн тургундары мындан соң гана кыргызстандыктардын автоунаасына таш ыргытканы, ал эми 10-январга караган түнү эки жолу кыргызстандыктар мергенчи мылтыктан ок атканы айтылган Тажикстандын расмий органынын маалыматында.

Ошондой эле атылган октордун бири тажикстандык милиция кызматкерине тийгенин, андан эч ким жабыркабагын да маалымдалган.

Бирок кыргыз тарап окуянын өнүгүшү боюнча Тажикстан бийлигинин жогорудагы маалыматын четке какты.

Кыргызстандын Чек ара кызматы Тажикстандын Чек ара аскерлеринин 10-январга карата түнү орун алган кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча маалыматын “чыныгы абалды бурмалоо” деп атады. Бул тууралуу кыргыз Чек ара кызматы бүгүн тараткан билдирүүдө айтылат. Анда жаңжалды тажик жарандары баштап, үч саат бою Тажикстан тараптан гана ок атылганы айтылган. Жаңжал Баткен районундагы кыргыз -тажик чек арасында болгон.

“10-январга караган түнү кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын аймагындагы инцидентке Тажикстандын жарандары Кыргызстандын жарандарын таандык эки автоунаа, андан соң үйгө таш ыргытуу менен чагым кылды. Үч саат бою Кыргызстандын аймагына улам-улам ок атып турушту. Мындан улам кыргыз тарап балдар менен аялдарды ок атылган аймактан чыгарып кетүүгө аргасыз болду. Ок атуу Тажикстандын аймагынан гана болду, Кыргызстандын жарандары курал колдонгон жок”, - деп айтылат билдирүүдө.

Аймактагы кырдаал

Кыргыз-тажик чек арасында ок атылган аймактардагы кырдаал күч органдарынын көзөмөлүндө турат.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров таңга маал «Азаттыктын» кабарчысына чек арадагы окуя тууралуу маалыматты ырастап, ошол маалда тажик тараптан туш келди бирин-серин ок атылып жатканын кабарлаган.

Ал коңшу өлкөнүн Согди облусунун губернатору менен сүйлөшкөнүн билдирди. Мадумаровдун айтымында, анын орун басары Кеңеш Салихов, Баткен районунун акими Каланбек Маркаев жана бир катар күч түзүмдөрүнүн жергиликтүү жетекчилери окуя болгон жерде жүрүшөт.

Окуядан улам Көк-Таш айылынын Дахма участкасында жашаган элди коопсуз аймакка чыгарылып, кыштактагы Шайдулла Ганы орто мектебине жайгаштырылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова билдирди.

Орто-Боз айылынын Жака-Өрүк жана Көк-Таш айылынын Көчө-Карын аймагында кыргыз жаранынын машинеси талкалангандыгы боюнча факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү башталды.

Учурда Орто-Боз айылынын Жака-Өрүк участкасы аркылуу өткөн Ош-Баткен-Исфана автоунаа жолу ачык.

Акыркы жолу 18-декабрда Баткен районунун Көк-Таш айылында чек арада чыр чыккан. Анда кыргыз тараптан баш-аягы алты киши жабыркаган. Анын ичинде Ички иштер министрлигинин (ИИМ) ички аскеринин бир кызматкерине жана Баткендин Самаркандек айылдык кеңешинин депутатына ок тийген.

Чырдан кийин 2019-жылдын 29-декабрында өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров менен Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Ражоббой Ахмадзода чек ара аймагында жолугушкан.

Анда аксакалдар, жаштар да катышып, чек аралаш аймактарда катталып жаткан чыр-чатактарды жоюу, алардын алдын алуу, жаштар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, карым-катнашты чыңдоо боюнча макулдашкан эле.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Медербек Ниязалиев

    "Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. Ош мамлекеттик университетинин филология факультетинин кыргыз тили, адабияты жана журналистика бөлүмүн аяктаган.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG