Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:03

Кой-Таш окуясы боюнча козголгон иштер тергелип бүттү


2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуялары боюнча козголгон кылмыш ишин тергөө аяктады. Бул тууралуу окуя боюнча айыпталган Кундуз Жолдубаеванын адвокаты Бакытбек Автандил уулу билдирди. Анын айтымында, эми шектүү жана алардын адвокаттары кылмыш ишинин материалдары менен тааныша баштайт.

“Бул иште 19 шектүү бар, ар биринин адвокаты ар башка. Ошондуктан, иш менен таанышуунун графиги түзүлсө керек. Бизге иштин материалдары 50 томдон турат деп айтышты. Иш менен таанышуунун так мөөнөтү аныктала элек”, - деди адвокат.

Буга чейин кылмыш ишинин айрым материалдарына жашыруун деген гриф салынганы кабарланган.

Былтыр 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөй адам жабыркаган.

Кой-Таш окуясы боюнча 39 факт менен сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Бул иштин алкагында Алмазбек Атамбаев жана анын бир нече тарапкери камакка алынган. Алардын арасында президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков жана Мээрбек Мискенбаев бар. Ал эми парламент депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова жана Социал-демократиялык партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева үй камагына чыгарылган.(BkA)

XS
SM
MD
LG