Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:16

WADA Орусиянын үстүнөн Спорттук арбитраж сотуна кайрылды


Орусиянын кызытмага каршы агенттиги. Москва.
Орусиянын кызытмага каршы агенттиги. Москва.

Допингге каршы эл аралык агенттик (WADA) Лозаннадагы Спорттук арбитраж сотуна Орусиянын кызытмага каршы агенттигинин (RUSADA) үстүнөн арызданды. Буга чейин RUSADA эл аралык агенттиктин аткаруучу комитети салган санкцияларга макул эместигин билдирген.

9-декабрда комитет Орусияны төрт жылга эл аралык мелдештерден, анын ичинде Олмипиада жана дүйнө чемпионаттарынан четтеткен. Ал эми допинг колдонбогонун далилдеген “таза” атлеттер нейтралдуу желек астында жарыша алышат. Орусиянын улуттук желегине жана гимнине тыюу салынмакчы.

Бир добуштан кабыл алынган чечимге орус спортундагы кызытма эрежелерин масштабдуу бузуулар, Москвадагы лабораторияда сакталган маалыматтарды бурмалоо аракети алып келген.

Орусия президенти Владимир Путин бул маселе саясатташтырылып жатканын, чечимге каршы апелляция берилерин айткан.

Ал эми Орусиянын допингге каршы агенттигинин башчысы Юрий Ганус эл аралык агенттиктин чечимин талашууга каршы оюн билдирип келатат.

Орус спортундагы кызытма жаңжалы бир нече жылдан бери уланып келатат. Бийлик допинг программасы мамлекеттик деңгээлде тескелген деген айыптоолорду четке кагууда.

XS
SM
MD
LG