Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:22

Өзбекстанда экс-дипломат чыккынчылык үчүн айыптуу деп табылды


Юсупов ооруканада. 3-декабрь 2018-жылl
Юсупов ооруканада. 3-декабрь 2018-жылl

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин мурдагы кызматкери, 68 жаштагы Кодиржон Юсупов мамлекеттик чыккынчылык үчүн айыптуу деп табылды.

Юсупов отуз жылдай Австрия, Словакия, Британия, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү дипломатиялык миссияларда, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы өкүлчүлүктө кызмат өтөгөн.

2002-2003-жылдары мекеменин басма сөз кызматын жетектеген. 2009-жылы иштен алынган. Андан бери мамлекеттик кызматтарда эмгектенген эмес.

Жакындары жана адвокаттары Юсупов 1995-жылдан бери психикалык оорудан жабыркап жүргөнүн, ага тагылган айып негизсиз экенин айтышууда.

2018-жылдын 3-декабрында мурдагы дипломат өз жанын кыйганга аракеттенген. Көп узабай дарыланып жаткан жеринен камакка алынып, мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталган. Анын ишин караган Аскер сотундагы процесс жабык өттү.

"Human Rights Watch" эл аралык уюму Ташкентти Юсуповду дароо кое берүүгө үндөдү. Билдирүүдө экс-дипломат абактагы кыйноолорго жана адамдык ар-намысын кемсинткен мамилеге туш болгону айтылат.

XS
SM
MD
LG