Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:14

Кыргыз-тажик бийлик өкүлдөрүнүн чек ара боюнча сүйлөшүүсү аяктады


Баткен районунун Көк-Таш айылы.
Баткен районунун Көк-Таш айылы.

Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы кырдаал боюнча Баткен облусунун жана Тажикстандын Согди облусунун бийлик өкүлдөрүнүн сүйлөшүү аяктады. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Маалыматка ылайык, сүйлөшүүгө өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Кеңеш Салихов, Тажикстандын Согди облусунун төрагасынын биринчи орун басары Бахавидин Баходирзода жана облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Анда тараптар кырдаалды турукташтыруу үчүн жергиликтүү эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, чек арачылар, ички иштер кызматкерлери биргеликте иш алып барууну макулдашты.

Ошондой эле Баткен району менен Тажикстандын Исфара райондорунун чыр-чатак көп катталган чек ара тилкелерине видео байкоо орнотууну сүйлөшүштү.

10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чатак чыгып, тажик айылы тараптан кыргыз тарапка туш келди ок атылганы кабарланган. Мындан улам Баткендеги Көк-Таш айылынын 250дөй тургуну коопсуз жайга чыгарылып, учурда айылдагы мектепке жайгаштырылды.

Кыргызстандын Чек ара кызматы Тажикстан тараптан майда калибрлүү мергенчилик куралдан ок атылганын маалымдап, жоопкерчиликти коңшу өлкөгө жүктөдү. Тышкы иштер министрлиги болсо Тажикстандын элчилигинин өкүлүн чакырып, наарызылык нотасын тапшырды.

Ал эми Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлери жаңжалга кыргыз жарандарынын аракети себеп болгонун билдирген маалымат таратты.​ Бирок кыргыз тарап бул маалыматты четке кагууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG