Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:38

Иран кыйраган учактын кара кутусундагы маалыматтарды көчүрүп алат


Украиналык учак түшкөн жер. Тегеран, 10-январь 2020-жыл
Украиналык учак түшкөн жер. Тегеран, 10-январь 2020-жыл

Иран Тегерандын четинде кулаган украиналык учактын кара жашигиндеги маалыматтарды көчүрүп аларын билдирди.

"Жабдыктар талкаланган болсо, анда жардам сурайбыз", - деди Ислам жумуриятынын жарандык авиация мекемесинин жетекчиси Али Абедзадех 10-январдагы пресс-конференцияда.

Абедзадех жана башка жетекчилер Иран аскерлери аткан ракета “Боингге” тийген болушу ыктымал деген АКШ, Британия жана Канаданын буга чейинки божомолдорун четке кагышты.

Буга чейин аталган өлкөлөрдүн лидерлери чалгын маалыматтарга таянып, Ирандын абадан коргоо аскерлеринин катасы катастрофага алып келген болушу ыктымал деп айтышкан.

Анын алдында украиналык иликтөөчүлөргө учактын фрагменттери менен таанышууга уруксат берилди. Бирок Коргоо жана коопсуздук кеңешинин төрагасы Олексий Даниловдун айтымында, иликтөө алар каалагандай тез жүргөн жок.

8-январда “Украинанын эл аралык аба жолдору” компаниясына таандык “Боинг” Тегерандан Киевге учуп чыгары менен кулаганда борттогу 176 кишинин баары каза тапкан. Алардын көбү Канаданын жана Ирандын жарандары болчу.

Украиналык учак ирандык генерал Касем Сулейманинин өлүмү үчүн өч алуу иретинде АКШ баштаган коалиция күчтөрү жайгашкан Ирактагы базаларга сокку ургандан көп узабай кыйраган.

XS
SM
MD
LG