Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:37

Чек араны кыргыз-тажик милициясы чогуу кайтарып жатат


Коопсуз жайга чыгарылган Көк-Таш айылынын тургундары, 10-январь, 2020-жыл.
Коопсуз жайга чыгарылган Көк-Таш айылынын тургундары, 10-январь, 2020-жыл.

Кыргыз-тажик чек арасын эки өлкөнүн күч кызматкерлери чогуу кайтарып жатышат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Баткен облустук милициясынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова билдирди.

10-январда кечке жуук ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев Көк-Таш айылынын тургундары менен жолуккан учурда элдин коопсуздугун милиция көзөмөлдөп, тажик тарап менен бирге күзөт уюштурулганын айтты. Орозалиев чыр-чатактардын алдын алуу үчүн эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүгө тапшырма берди.

Милициянын маалыматына ылайык учурда кырдаал туруктуу.

10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чатак чыгып, тажик айылы тараптан кыргыз тарапка туш келди ок атылганы кабарланган. Мындан улам Баткен районунун Көк-Таш айылынын 250дөй тургуну коопсуз жайга чыгарылып, айылдагы мектепке жайгаштырылды.

Кыргызстандын Чек ара кызматы Тажикстан тараптан майда калибрлүү мергенчилик куралдан ок атылганын маалымдап, жоопкерчиликти коңшу өлкөгө жүктөдү. Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын элчилигинин өкүлүн чакырып, наарызылык нотасын тапшырды.

Ал эми Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы жаңжалга кыргыз жарандарынын аракети түрткү болгонун билдирген маалымат таратты.​ (MdN)

XS
SM
MD
LG