Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 19-январь, 2020 Бишкек убактысы 14:38

“Клооптун” журналисти жана айдоочусу милицияга сурак берди


"Клооп" порталынын сайты

“Клооптун” журналисти Элдияр Бакиров жана айдоочусу Бекболсун Кайыпов 10-январда Ош шаардык милициясына сурак берип чыкты.

Буга Бажы кызматынын мурдагы төрагасынын орун басары Райымбек Матраимовдун иниси Русланбек Матраимовдун жазган арызы себеп болгон.

“Клооптон” билдиришкендей, порталдын кабарчылары 9-январда Ош шаарындагы мыйзамсыз курулган имараттар жөнүндө тартышкан. Ал жерде дрон учурган маалда белгисиз адам келип, үйдү тартпоону суранган. Журналисттер тактаган учурда ал адам Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовдун “тууганы” экенин айткан.

“Клооптун” жазышынча, кабарчылар тартып жүргөн имараттын Матраимовдорго таптакыр тиешеси жок.

Буга карабай 10-январда милиция “Клооптун” айдоочусун автоунаасынын номери аркылуу таап, шаардык ички иштер бөлүмүнө алып келишкен.

Ошол эле күнү журналист Элдияр Бакировду да чакырышып, бир нече саат суракка алышкан. Ал эми бүгүн 11-январда порталдын оператору Хамидулло Узаков суракка чакырылды.

Ош шаардык милициясы “Клооптун” кабарчылары Руслан Матраимовдун арызынын негизинде чакыртылганын ырастады. Шаардык милициянын маалымат кызматы тараткан билдирүүгө караганда, Матраимов “белгисиз топ үйүн дрон менен тартып, жеке жашоосунун кол тийбестигине жана коопсуздугуна шек келтирип жатат” деп арыз жазган.

“Клооп” порталы буга чейин Райымбек Матраимовдун мүлктөрү жана бажыдагы коррупция боюнча “Азаттык” радиосу, Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны изилдөө борбору менен бирге бир нече журналисттик иликтөө жарыялаган.(BkA)

Пикирлерди көрүңүз (6)

XS
SM
MD
LG