Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 26-январь, 2020 Бишкек убактысы 21:22

Кыргыз жана тажик президенттери чек арадагы абалды талкуулашты


Сооронбай Жээнбеков жана Эмомали Рахмон 2019-жылы жолугушкан учурда тартылган сүрөт.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон телефон аркылуу сүйлөшүп, чек арадагы акыркы абалды талкуулашты.

Бул тууралуу кыргыз президентинин маалымат кызматы кабарлады. Анда Жээнбеков эки өлкөнүн чек арасында туруктуу абалды сактоо зарылдыгын белгилеп, жарандардын күнүмдүк тиричилик чыр-чатактары өтө сезимтал болуп калганын кошумчалаган.

«Кыргыздар менен тажиктердин ортосунда көп кылымдан бери достук мамиле болуп келген, бар жана да боло бермекчи. Биз чек арадагы абалдын курчуп кетишине жол бербешибиз керек. Тилекке каршы, акыркы убакта чек ара аймагында чыр-чатактар көп болуп жатат. Кечээ эле Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында кезектеги чыр-чатак катталды», - деп айтылат президенттик аппарат тараткан маалыматта.

Жээнбеков мындай окуялардын алдын-алуу үчүн жергиликтүү калктын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү белгилеп, ЖМКдагы чагымчыл маалыматтар эки өлкөнүн коңшулук жана достук мамилелерине туура келбей турганын айткан.

Буга кошумча кыргыз президенти биргелешкен иликтөөнүн натыйжасында чек арадагы чыр-чатактын чыгышына күнөөлүүлөрдү жазага тартуу керектигин кошумчалаган.

10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чатак чыгып, тажик айылы тараптан кыргыз тарапка туш келди ок атылганы кабарланган.

Мындан улам Баткен районунун Көк-Таш айылынын 250дөй тургуну коопсуз жайга чыгарылып, айылдагы мектепке жайгаштырылды. Кыргызстандын Чек ара кызматы Тажикстан тараптан майда калибрлүү мергенчилик куралдан ок атылганын маалымдап, жоопкерчиликти коңшу өлкөгө жүктөдү.

Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын элчилигинин өкүлүн чакырып, нааразылык нотасын тапшырды. Ал эми Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы жаңжалга кыргыз жарандарынын аракети түрткү болгонун билдирген маалымат таратты.​(BkA)

Пикирлерди көрүңүз (9)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG