Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 24-январь, 2020 Бишкек убактысы 05:48

Путин менен Меркелдин жолугушуусу Москвада өтүүдө


Немис канцлери Ангела Меркел менен орус президенти Владимир Путин «Чоң жыйырманын» Осакадагы саммитинде. 29-июнь, 2019-жыл.

Бүгүн, 11-январда Москвада Германиянын канцлери Ангела Меркел менен орус президенти Владимир Путиндин жолугушуусу өтүп жатат.

Сүйлөшүү учурунда Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга басым жасалары айтылган.

Буга чейин Кремл жолугушууда Сириядагы, Ливиядагы жана АКШ Багдад аэропортуна урган соккудан соң Жакынкы Чыгышта курчуган кырдаал тууралуу сөз болору айтылган.

Немис өкмөтүнүн өкүлү Штеффен Зайберт ушул жума башында Ангела Меркел орус президенти Путин менен Жакынкы Чыгыштагы “соңку маселелерди” талкуулоону көздөп жатканын билдирген.

3-январда Ирандын таасирдүү генералы Касем Сулейманинин Багдадда америкалык авиациянын соккусунан мерт болушу Жакынкы Чыгыштагы абалды курчуткан. Буга 176 жүргүнчүсү менен Тегеранда кулаган украиналык учакты Ирандын ракета менен атканы кошул-ташыл болуп, учурда кырдаалдын кесепети оор болушу ыктымал деген божомолдор айтылууда.

Путин менен Меркел акыркы жолу өткөн айда Францияда Украинанын чыгышындагы кырдаалды талкуулоо үчүн жолуккан.

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG