Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:55

Тегеранда демонстранттар Хаменеини айыпташты


Ирандагы нааразылык акциясынан бир көрүнүш.
Ирандагы нааразылык акциясынан бир көрүнүш.

Ирандын борбору Тегеранда ишемби күнү нааразылык акциясы өттү. Баш калаадагы Технологиялык университеттин имаратынын алдына чогулган жүздөгөн адамдар бийликке каршы ураандарды кыйкырышты. Алардын арасында Ирандын руханий лидери аятолла Али Хаменеини сынга алган чакырыктар болгонун социалдык тармактарга тараган айрым видеолордон көрүүгө болот.

Өлкөнүн жогорку жетекчилигине каршы акциялар абдан аз өткөн Ирандагы акыркы нааразылык расмий Тегеран өз аймагында кулаган учакты капысынан атып түшүргөнүн моюнга алган соң башталды.

Алгач Ирандын бийлиги бортунда 176 киши бар украиналык «Боингдин» кулашын техникалык мүчүлүштүктөр менен түшүндүрүп жаткан. Бирок 11-январда Тегеран учакты «адамдын жаңылыштыгынан» улам өлкөдөгү Ислам революциясынын сакчылар корпусунун аскерлери атып алганын моюнга алды.

Бул кырсыктан каза болгон 176 адамдын көпчүлүгү Ирандын атуулдары жана Канада жарандыгын алган ирандык болчу.

Ирандагы «Фарс» агенттиги нааразылык акциясынын жүрүшүндө айрым адамдар жакында АКШнын соккусунан набыт болгон таасирдүү генерал Касем Сулейманинин сүрөтүн айрыганын кабарлады. Андагы маалымат боюнча демонстрацияга 700дөн 1000ге чейин адам катышты.

АКШнын президенти Дональд Трамп «Твиттердеги» баракчасы аркылуу фарси тилинде нааразылык акциясына чыккандарга кайрылды.

«Эр жүрөк жана башынан көптү өткөргөн Иран элине: мен президенттигимдин башынан бери эле силерди колдоп келгем жана менин өкмөтүм сиздерди колдойт. Биз силердин нааразылыкты көңүл коюп карап жатабыз. Силердин тайманбастыгыңар адамды шыктандырат», - деп жазды АКШ президенти.

Адам укуктарын коргогон активисттердин маалымат агенттиги (HRANA) акцияга чыккандарды полиция көздөн жаш агызчу газ менен таратып жатканы жөнүндө тасма таратты.

Британиялык BBC телеканалы демонстрациялар учурунда Улуу Британиянын Ирандагы элчиси күч органдары тарабынан бир нече саатка кармалып коё берилгенин кабарлады.

XS
SM
MD
LG