Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:59

Меркел менен Путин дүйнөдөгү кырдаалды талкуулады


Ангела Меркел менен Владимир Путин.
Ангела Меркел менен Владимир Путин.

11-январда Москвада Германиянын канцлери Ангела Меркел менен Орусиянын президенти Владимир Путин жолукту.

«Немис толкуну» радиосу кабарлагандай, төрт саатка созулган жолугушууда эки өлкө жетекчилери Ирандагы соңку кырдаал, Сирия менен Ливиядагы аскердик чыр-чатактар, «Түндүк агым - 2» газ кууру жана Украинанын чыгышындагы абалды жөнгө салуу боюнча буга чейинки сүйлөшүүлөр боюнча пикир алмашкан.

Жолугушуудан кийинки басма сөз жыйынында Ангела Меркел Германия «Түндүк агым - 2» долбоорунун катышуучуларына карата АКШнын санкцияларын колдобой турганын билдирди. Ал Орусияга карата бир нече санкциялар салынганына карабай Москва менен Берлин экономикалык кызматташтыгын улантарын кошумчалады.

Ошондой эле Меркел Иран атып түшүргөн украиналык учак маселесине токтолуп, бул трагедиянын кесепети боюнча ачык талкуу жүрүш керек экенин билдирди.

Президент Путин болсо «Түндүк агым - 2» газ куурун Орусия өз күчү менен куруп бүтүрөрүн жана долбоор быйыл жыл аягында же 2021-жылдын башында иштей баштай турганын жарыялады.

Ал эми Ливиядагы абал тууралуу сүйлөшүү боюнча Владимир Путин бул өлкөдөгү жаатташкан тараптар Орусия менен Түркиянын ок атууну токтотуу боюнча чакырыгына көнүп, 12-январдан тартып тынчтыкты орнотот деген ишенимин билдирди.

Ангела Меркел акыркы беш жылда алгач ирет Москвага келди. (BkA)

XS
SM
MD
LG