Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:22

Гүлнара Каримованын Швейцариядагы үйүндө табылган сүрөттөр Өзбекстанга кайтарылат


Гүлнара Каримова.
Гүлнара Каримова.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы өлкөнүн мурдагы президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримованын чет өлкөдөгү байлыгын кайтаруу боюнча иштерди жүргүзүп жатканын жарыялады. Маалыматка ылайык, бул багытта Өзбекстандын тиешелүү органдары Швейцарияда, Францияда, Орусияда, Латвияда жана башка өлкөлөрдө иш жүргүзүп жатышкан.

«Швейцариянын Федералдык прокуратурасы менен бирге өзбекстандык эксперттердин катышуусунда Гүлнара Каримованын Женевадагы вилласында табылган 70тен ашык искусство буюмунун (сүрөттөр, жасалгалар) өлкөбүздүн улуттук өнөрүнө тиешесин аныктоо жана кайтаруу боюнча иштер жүрүп жатат», деп айтылат Башкы прокуратура тараткан маалыматта.

Гүлнара Каримовага 2015-жылы Швецияда, Швейцарияда жана АКШда кылмыш иштери козголуп, ал миллиард доллардай каражатты өздөштүрүп алган деп айыпталган.

2017-жылы атасы көз жумгандан кийин Каримова Өзбекстанда «Салык төлөөдөн качуу», «Акча уурдоо», «Опузалоо» жана «Офшордук компаниялардын документтерин жок кылуу» беренелери боюнча 10 жылга эркинен ажыратылган.

Анын Өзбекстандагы үйлөрүнөн 985 даана искусство предмети ( сүрөт, жасалгалар, жыгачтан жасалган баалуу буюмдар) табылганы кабарланган. Жалпы баасы 12, 7 миллиард өзбек сумуна бааланган бул буюмдар Өзбекстандын мамлекеттик музейлерине өткөрүлүп берилген.

XS
SM
MD
LG