Мальтанын премьер-министри Жозеф Мускат кызматынан кетти. Өкмөт башчынын кызматтан баш тартышы бул өлкөдө киши колдуу болгон Дафна Каруана Галициянын өлүмүн иликтөө боюнча жаңжалга туш келди. Иликтөөчү журналист Галиция 2017-жылы мерт болгон. Анын автоунаасын белгисиз адамдар жардырып жиберишкен.
Бул иш боюнча үч киши кармалган. Алар кылмыштын аткаруучулары болгону айтылууда. Журналисттин өлүмүн иликтөөнүн негизинде өткөн жылдын аягында өлкөдөгү белгилүү ишкер Йорген Фенек камалган.
Премьер-министр Жозеф Мускат кызматтан кетерин бир канча убакыт мурун жарыялаган. Ага чейин өлкөдө анын кызматтан кетишин талап кылган демонстрациялар өткөн. Активисттер Галициянын иликтөөлөрүндө Мускаттын аты аталганын, ал жетектеген өкмөт журналисттин өлүмүн иликтегени туура эмес болорун айтып чыгышкан.
Мальтадагы башкаруучу партия жаңы премьер-министр катары Роберт Абелди тандады. Абел - Мальтанын өкмөтүн 2009-2014-жылы башкарган Жорж Абелдин уулу.