Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады. Анда айтылгандай, милиция Мамлекеттик бажы кызматынын ички коопсуздук кызматы менен биргеликте жалпы суммасы 253,5 миң долларлык тамекини уруксатсыз бажы транзитине киргизүү фактысын аныктаган.
Бул факты боюнча мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери, 38 жаштагы М.Б. аттуу жаран 9-январь күнү кармалган. Ал Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча шектелүүдө. Шектүү Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Иш сотко чейинки өндүрүшкө алынды.(ZKo)