Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:13

Чек арадагы мектепте окуу башталды


Баткендин Көк-Таш айылы, Ш.Ганы орто мектеби. 10-январь, 2020-жыл.
Баткендин Көк-Таш айылы, Ш.Ганы орто мектеби. 10-январь, 2020-жыл.

Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна Баткен облусунун Баткен районунун Көк-Таш айылындагы Шайдулла Ганы орто мектебинин директору Канатбек Боронов билдирди. Маалыматка ылайык, 08:30дан баштап бардык предметтер боюнча окуу башталды. Чек ара айылындагы Шайдулла Ганы мектебинде 204 окуучу окуйт. Эки кабаттуу мектеп 2018-жылы октябрь айында пайдаланууга берилген. Мектептин эски имараты балдар бакчасына өткөн.

- Бүгүн саат 8:30 бардык сабактарды баштадык. Бизде 204 окуучу бар. Жаңы мектепке 2018-жылы октябарда киргенбиз. Эски мектеп тажик айылына жакын чек арада жайгашкан, - деди мектеп директору Канатбек Боронов.

10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында болгон чатактан соң Баткен районунун Көк-Таш айылындагы орто мектепке жайгаштырылган 254 адам 12-январь күнү үйлөрүнө тараган.

Чек арадагы чатактан улам 10-январга караган түнү Баткен районунун Көк-Таш айылынын 250дөй тургуну коопсуз жайга чыгарылып, айылдагы мектепке жайгаштырылган. Алардын көпчүлүгү жаш балдар жана аялдар болчу.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, учурда кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу. (MdN)

XS
SM
MD
LG