Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:39

Мадумаров: Чек арада чагым уюштургандар жазаланышы керек


Акрам Мадумаров.
Акрам Мадумаров.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаров кыргыз-тажик чектеш аймагындагы айылдарда чыр чыгарууга аракет кылгандар мыйзам чегинде жазаланышы керек деп эсептейт. Ал «Азаттык» радиосунун аймактагы кабарчысына интервью берип жатып, «жергиликтүү тургунбу же мамлекеттик кызматкерби, чек арада чатак уюштургандыгы үчүн мыйзам алдында бирдей жооп берерин» билдирди.

- Мыйзамды бузуп, өзүнүн кызыкчылыгын көздөп,чек арадагы окуяларга аралашкан жарандар болсо, аларга сөзсүз чара көрүлүш керек. Мына ушунда гана бизде тартип, тынчтык орнотулат. Көк-Таш айылынын татаал чек ара аймагында жайгашканын пайдаланып, чек ара айылындагы элди башка максатта пайдаланууга аракет кылган учурлар болуп жатат. Ал эми 11-январда кармалган төрт жарандын маселесин сот жана тергөө чечет, - деди Акрам Мадумаров.

Облус жетекчиси чек ара айылдарындагы эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын, чек ара маселесин чечүүдө жергиликтүү эл менен бирге иш алып барууга чакырып жатканын билдирди.

Буга чейин Баткен облустук администрациясынын басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова «чек ара аймагында болгон чыр-чатактын чыгышына кээ бир коомдук уюмдар, топтор тарабынан жүргүзүлүп жаткан чагымчыл аракеттер таасир этүүдө» деген билдирүүсүн тараткан.

10-январга караган түнү Баткен облусунун Көк-Таш айылына жакын, кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, тажик айылы тараптан кыргыз тарапка туш келди ок атылганы кабарланган.

Бул чатактан соң Кыргызстан окуя үчүн тажик жарандарын айыптап, Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын элчилигинин өкүлүн чакырып, нааразылык нотасын тапшырды.

Ал эми Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы чатакка кыргыз жарандарынын аракети түрткү болгонун билдирген маалымат тараткан. Кыргызстандын чек арачылары ал маалыматты толугу менен четке кагууда.

Абалды жөнгө салуу боюнча эки өлкөнүн президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон 11-январда телефон менен сүйлөшкөн. Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт өкүлдөрү 14-январда жолугуп, ушул маселени талкуулашат.

Расмий маалымат боюнча, акыркы чек ара чатагына байланыштуу Кыргызстандын төрт жараны кармалган.

Бүгүн, 13-январда Жогорку Кеңештин жана президенттик аппараттын имаратынын алдында Баткендеги кыргыз-тажик чек арасын чечүү талабы менен митинг өттү. Анда чек ара тилкесиндеги чырга байланыштуу кармалган төрт кыргызстандык жаранды бошотуу жөнүндө талап да коюлду. (MdN)

Ак үйдө чек араны чечүү талабы менен акция өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:02 0:00

XS
SM
MD
LG