Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:50

АКШ Тегеранга дүйнө көз салып турганын эске салды


Ирандагы нааразылык акциясы. Тегеран. 12-январь, 2019-жыл.
Ирандагы нааразылык акциясы. Тегеран. 12-январь, 2019-жыл.

Расмий Тегеран митингчилерге каршы курал колдонгонун танган соң, Иран дүйнө коомчулугунун көзөмөлүнө алынды. Бул жөнүндө «Азаттыкка» АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Морган Ортагус 13-январда билдирди.

- Иран бийлиги билип коюшу керек, АКШ жана башка дүйнө байкап турат. Биз күнөөсүз митингчилердин каны төгүлүшүн каалабайбыз, - деди ал.

Украинанын жүргүнчү учагы кулатылганына нааразы болгон эл үч күн катары менен нааразылык акцияларына чыккан. Бир катар университеттердин студенттеринин аятоллага каршы чакырыктары менен тартылган тасмалар Интернетке тараган. Тасмада полиция жана коопсуздук күчтөрү митингчилерге каршы курал жана көздөн жаш агызуучу газ колдонушканы да тартылган. Анда атылган октордун үнү угулуп, жарадар адамдарды да көрүүгө болот.

Ирандын аскер күчтөрү 8-январь күнү украиналык аба компаниясына таандык жүргүнчү учагын атып алганын мойнуна алган. Учактагы 176 кишинин баары набыт болгон, алардын басымдуу бөлүгү ирандыктар.

Ирандын жетекчилиги алгач учактын кулашын техникалык себептер менен түшүндүргөн болчу.

XS
SM
MD
LG