Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги кабарлагандай, өлкөдө турмуштук оор кырдаалга кабылган 150 бала убактылуу багып алуучу үй-бүлөлөрдүн кызматтарын алышты.
Багып алуучу (фостердик) үй-бүлөлөр келишимдин негизинде балдарды убактылуу тарбиялоого алышат. Фостердик үй-бүлөлөр белгилүү бир талаптарга жооп бериши керек жана атайын окуудан өтүшү зарыл. Фостердик үй-бүлөдө убактылуу тарбияланууга 16 жашка чейинки балдар берилет. Бирок өздөрүнүн балдарын кошкондо беш баладан ашпашы керек. Фостердик ата-эне болууну каалагандар жашаган жери боюнча райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарына кайрылышы зарыл.
30 жашка чыккан, бирок 65 жаштан жогору эмес, окуудан, тандоодон өтүшкөн адамдар багуучу ата-эне боло алышат.
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги багып алуучу үй-бүлөлөргө 6 миң сом айлык, ал эми балдардын өздөрүнө да (кийим кечесине, тамак-ашына ж.б.) ай сайын 6 миң сом бөлүп берет. Фостердик үй-бүлөлөргө, жетим балдар, ата-энесинин укугунан ажыратылган, балдардын өмүрүнө коркунуч жараткан үй-бүлөлөрдөн алынган балдар жана башка жагдайларга байланыштуу турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдар жайгаштырылат. (BTo)