Ооганстандын түндүгүндөгү Мазари-Шариф шаарында 14-январда жолдогу бомбанын жарылуусунан 10 жана 14 жаштагы эки бала курман болуп, дагы сегиз киши жараат алды. Жарадар болгондордун арасында жайкын тургундар жана коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлери да бар.
Бул тууралуу Балх провинциясынын полициясынын басма сөз катчысы Адил Шах Адил маалымдады.
Кол салууну ким уюштурганы азырынча белгисиз. Акыркы күндөрү «Талибан» кыймылы Балх провинциясында жана Ооганстандын башка аймактарында чабуулдарын күчөттү.
Ушул айдын башында Мазари-Шарифте колго жасалган, автоунаага коюлган жардыруучу заттан бир киши мерт болуп, дагы экөө жараат алган.