Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 04:54

«The New York Times»: орусиялык хакерлер «Бурисиманын» сайтын бузушту


Иллюстрациялык сүрөт.

«The New York Times» басылмасы өз булагына таянып, Украинадагы «Бурисима» газ холдингинин сайтын орусиялык хакерлер бузуп киришкенин жазып чыкты. Бул компаниянын директорлор кеңешинде АКШнын мурдагы вице-президенти Жо Байдендин уулу Хантер болгон. Басылма ырастагандай, чабуул былтыр ноябрь айында башталган жана хакерлер кандай маалыматтарга кызыгышканы белгисиз.

«Бурисима» газ холдинги АКШда президентке импичмент жарыялоо жараянына чейин жеткирген саясий жаңжалдан улам белгилүү болгон. Өткөн айда демократтар басымдуулук кылгын Өкүлдөр Палатасы президент Дональд Трампка импичмент жарыялаган. Анда Кошмо Штаттардын 45-президентине «кызмат абалынан кыянат пайдаланган», «Конгресстин иликтөө иштерине тоскооолдук кылган» деген айып коюлган.

Атайын кызматтагы булак анда Кошмо Штаттардын президенти Трамп менен украин лидери Владимир Зеленскийдин телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө өзүнүн башкы саясий атаандашы Жо Байден менен анын уулу Хантер Байдендин Украинадагы иштерин иликтөөгө ынандырган деп маалымат берген. АКШ президенти мындай дооматтардын баарын четке каккан.

Эми импичмент маселеси Сенатта каралышы керек. Байкоочулар Трамптын партиялаштары - республикачылар көпчүлүктү түзгөн Сенат импичментти колдобой коёрун боолголошууда.

XS
SM
MD
LG