Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:28

HRW: Кытай адам укуктарын коргоого чоң коркунуч жаратты


«Human Rights Watch» (HRW) эл аралык укук коргоо уюму жарыялаган 30-баяндамада дүйнөдөгү 100гө жакын өлкөдөгү адам укуктарынын абалына баа берилди. Уюмдун аткаруучу директору Кенет Рот баяндаманын бет ачарында Кытай өкмөтү адам укуктарын коргоо системасына чоң коркунуч жаратканын белгиледи.

- Дүйнөнүн булуң-бурчундагы элге оюн эркин билдирүүгө, «камоого же кыйноого туш болом» деп коркпой жашоого, башка укуктарга жол ачкан ондогон жылдардан берки жылыш коркунучка кептелди, - деп айтты Рот.

Уюм белгилегендей, Бээжин өкмөтү коомду ар тараптан катуу кармап туруш үчүн өлкө ичинде кеңири көзөмөл системасын түздү. Кытай экономикалык жана дипломатиялык таасирин пайдалануу менен репрессиялар үчүн жоопкерчиликтен качуунун амалын жасап атат.

Баяндамада мурда тышкы саясатында адам укуктарын туу туткан өлкөлөрдө бийликке учурда АКШдагы Дональд Трамптай лидерлер келгени, алар мурунку салтты улантууну каалабай турганы белгиленет.

Баяндаманын авторлору ошондой эле Сирия менен Йемендеги абалга кеңири токтолушкан. Укук коргоо уюмдары Кытайдын Шинжаңдагы мусулман элине карата жана Гонконгдогу саясатын көптөн бери сындап келет.

Жакында эле HRW казак бийлигин четтен келген казактарды кайра Кытайга жөнөтпөөгө үндөгөн. Кастер Мусаханулы жана Мурагер Алиммулы Казакстанда чек арадан мыйзамсыз өтүшкөн деп айыпталууда. Уюм алар Кытайда куугунтукка же кыйноого туш болушу ыктымал деп эсептейт.

Кытайда жашаган башка аз улуттардын өкүлдөрүнүн арасында кыргыздар да камакка алынып жатканы жөнүндө кабар 2018-жылы күз айларынан баштап тарай баштаган. «Кытайдагы кыргыздарды колдоо комитетинин» такталбаган маалыматына ылайык, Бээжин расмий түрдө «саясий тарбиялоочу лагерь» деп атаган жайларда 50 миңдей кыргыз отурат. Кыргыз бийлиги бул маалыматты расмий тастыктаган эмес.

XS
SM
MD
LG