Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:37

Гүлистондо чек ара сүйлөшүүсү жыйынтыкталды


Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков менен Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхим. 14-январь, 2020-жыл.
Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков менен Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхим. 14-январь, 2020-жыл.

Тажикстандын Гүлистон айылындагы кыргыз-тажик чек арасы боюнча эки өлкөнүн өкмөт мүчөлөрүнүн сүйлөшүүсү 14-январда түнкү саат 11:30да аяктады. Узакка созулган сүйлөшүүнүн жыйынтыгында эки тарап күн тартибиндеги алты маселени макулдашып, протоколго кол коюшту. Кыргыз делегациясын жетектеген вице-премьер-министр Жеңиш Разаков алты маселени айтып өттү:

  1. Буга чейин кыргыз-тажик топографиялык тобу иштеп чыккан 114 чакырым аралыктагы макулдашылган чек ара аймагын аныктап, укуктук негиздерин бир айдын ичинде негиздөөгө сунуш берилсин.
  2. Чек ара аймагында шахмат түрүндө жайгашып калган жерлерди аныктап, адегенде бир тараптуу чечип, анан жерлерди алмашуу боюнча сунуш ушул жылдын 1-мартына чейин берилсин.
  3. Чыр-чатак көп катталган, эки эл жанаша жайгашкан аймакта кыргыз-тажик күч кызматтарынын биргелешкен күзөтүн күчөтүү каралсын.
  4. Кыргыз-тажик чектеш аймактарында көчөлөр жарыктандырылып, видео байкоо орнотулсун. Эгерде чыр-чатак болуп кетсе видео тасманы эки тарап бирдей карап, талдоого алсын. Ош-Баткен-Исфана эл аралык автожолунун Жака-Өрүк аймагынан өткөн жериндеги Исфара-Ворух жолунун кесилишине жол чырак орнотулсун.
  5. Кыргыз-тажик элинин ортосунда соода-сатык алакасын, маданий кызматташууну өркүндөтүү каралсын.
  6. Кыргыз-тажик чек арасында аткарылып жаткан жумуштарды алдын ала жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жайылтпоо макулдашылсын.

Кол коюлган протоколго ылайык, жогорудагы алты маселеге эки тарап бирдей жоопкерчилик алып, жумуш чогуу аткарыла тургандыгы айтылды. Тажик вице-премьер-министри Азим Иброхим сүйлөшүү жакшы жыйынтыкталганын айтып, жер алмашуу аркылуу чек арадагы маселе оң жагына чечилерин белгиледи.

Чек ара маселеси боюнча кийинки убакта эки өлкөнүн өкүлдөрү 20 ирет жолугушкан. Техникалык топ ири масштабдагы 34 топографиялык карта даярдаган.

Кыргызстан менен Тажикстандын жалпы чек арасы бир миң чакырымга жакын аралыкты түзүп, анын 60% эки тараптуу такталган. Талаштуу экени айтылып жаткан 40% жакын чек арада 70тей талаштуу участок бар. Такталбай калган аймактар калк жайгашкан айылдарга туура келет.

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүү 14-январда Баткен районунун Кызыл-Бел айылына чектеш Тажикстандын Гүлистон айылындагы Гүлистон чек ара бекетинде өттү. (MdN)

XS
SM
MD
LG