Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:20

Демократтар партиясы АКШ президенттигине талапкерлерин аныктоодо


Демократтардын декабрдагы дебаты. 2019-жыл.
Демократтардын декабрдагы дебаты. 2019-жыл.

Айова штатында аталган партиянын талапкерлеринин дебаты болот. Бул праймериз же талапкерди аныктоо алдындагы акыркы дебат. Праймериз 3-февралда болот.

Дебатка мурдагы вице-президент Жо Байден, сенаторлор Берни Сандерс, Элизабет Уоррен жана Эми Клобучар, Индиана штатындагы Саут-Бенд шаарынын мэри Пит Буттижич жана миллиардер Том Стейер катышат. Миллиардер Невада жана Түштүк Каролина штаттарындагы сурамжылоолордо жакшы көрсөткүч алганы үчүн талапкерликке илинген.

Дебаттын негизги темасы Ирандын айланасындагы кырдаалга байаныштуу тышкы саясат болмокчу. Талапкерлердин көпчүлүгү президент Трамптын генерал Касем Сулейманга каршы операциясын жана Иранга карата катаал мамилесин сынга алышкан.

Демократтар АКШ президенттигине талапкерин партиянын 2020-жылдын июль айында, Милуокиде өтүүчү курултайында аныктайт.

Республикачыларда азырынча президент Трампка атаандаш талапкер чыга элек. Серепчилер бул партия үчүн праймериз формалдуу түрдө гана болорун айтышууда.

XS
SM
MD
LG