Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:37

Жаңыдан депутат болуп келген Сыдыгалиев ант берди


Нурбек Сыдыгалиев.
Нурбек Сыдыгалиев.

Жогорку Кеӊеште «Ата Мекен» саясий партиясынын тизмеси боюнча жаӊыдан депутат болгон Нурбек Сыдыгалиев ант берип, өз ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришти. Ал жакында депутаттык ыйгарым укуктарын өз ыктыяры менен мөөнөтүнөн мурда токтоткон Алмамбет Шыкмаматовдун ордуна келди.

Шыкмаматов 27-декабрда «Ата Мекен» фракциясынын лидерлигинен кетип, мандатын тапшырган жана партиянын да курамынан чыкканын жарыялаган. Ал муну «Ата Мекен» партиянсынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мамилеси бузулганы менен байланыштырган.

Өмүрбек Текебаев Шыкмаматов менен эч кандай келишпестик болбогонун айтып, анын депутаттык мандатты тапшырганы алдын-ала эле пландалган демилге болгонун билдирген. (BTo)

XS
SM
MD
LG