Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 26-январь, 2020 Бишкек убактысы 15:31

Төрөбаев: чек ара боюнча өкмөт парламентке даярданып келсин (видео)


Бакыт Төрөбаев.

Жогорку Кеңештин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев чек ара боюнча өкмөт чабал иштеп жатканын айтып, аны сынга алды. Бул тууралуу ал парламенттин 15-январдагы жыйынында билдирди. Депутат 2019-жылы Жогорку Кеңеш чек ара маселесин бир нече жолу талкуулаганы менен жыйынтык чыкпай жатканын кошумчалады.

- Кийинки жумада чек ара маселесин дагы талкуулайбыз. Баягы эле сөз, эч нерсе чечилбейт. Өкмөт так план, стратегия менен келип Баткенге канча акча бөлүнгөнүн айтышы керек. Коалицияны уят кылып, президентти артка тартып жатасыңар. Ошондуктан элге канча ссуда берилет, канча камера коюлат, канча каражат бөлүнөт жана чек арада канча элдик кошуун иштейт - так маалымат менен келиш керек. Болбосо «сүйлөшүү жүрүп жатат» деп эле эч жыйынтык чыкпайт, - деди Төрөбаев.

14-январда Баткен районунун Кызыл-Бел айылына чектеш Тажикстандын Гүлистон айылындагы Гүлистон чек ара бекетинде Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт мүчөлөрүнүн сүйлөшүүсү өттү. Узакка созулган сүйлөшүүнүн жыйынтыгында эки тарап күн тартибиндеги алты маселени макулдашып, протоколго кол коюшту. Кыргыз делегациясын жетектеген вице-премьер-министр Жеңиш Разаков алты маселени айтты:

  1. Буга чейин кыргыз-тажик топографиялык тобу иштеп чыккан 114 чакырым аралыктагы макулдашылган чек ара аймагын аныктап, укуктук негиздерин бир айдын ичинде негиздөөгө сунуш берилсин.
  2. Чек ара аймагында шахмат түрүндө жайгашып калган жерлерди аныктап, адегенде бир тараптуу чечип, анан жерлерди алмашуу боюнча сунуш ушул жылдын 1-мартына чейин берилсин.
  3. Чыр-чатак көп катталган, эки эл жанаша жайгашкан аймакта кыргыз-тажик күч кызматтарынын биргелешкен күзөтүн күчөтүү каралсын.
  4. Кыргыз-тажик чектеш аймактарында көчөлөр жарыктандырылып, видео байкоо орнотулсун. Эгерде чыр-чатак болуп кетсе видео тасманы эки тарап бирдей карап, талдоого алсын. Ош-Баткен-Исфана эл аралык автожолунун Жака-Өрүк аймагынан өткөн жериндеги Исфара-Ворух жолунун кесилишине жол чырак орнотулсун.
  5. Кыргыз-тажик элинин ортосунда соода-сатык алакасын, маданий кызматташууну өркүндөтүү каралсын.
  6. Кыргыз-тажик чек арасында аткарылып жаткан жумуштарды алдын ала жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жайылтпоо макулдашылсын.

Кол коюлган протоколго ылайык, жогорудагы алты маселеге эки тарап бирдей жоопкерчилик алып, жумуш чогуу аткарыла тургандыгы айтылды. Тажик вице-премьер-министри Азим Иброхим сүйлөшүү жакшы жыйынтыкталганын айтып, жер алмашуу аркылуу чек арадагы маселе оң жагына чечилерин белгиледи. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (16)

XS
SM
MD
LG