Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:56

Баткенде чек арадагы кырдаал боюнча координациялык кеңешме болот


Көк-Таш айылы. 11-январь, 2020-жыл.
Көк-Таш айылы. 11-январь, 2020-жыл.

16-январда Бактен шаарында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков чек ара маселелери боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК), Мамлекеттик чек ара кызматынын, Ички иштер министрлигинин, Баткен облусунун жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилеринин катышуусундагы координациялык кеңешме өткөрөт.

Кеңешмеде коңшу өлкөгө чектеш жайгашкан аймакта коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыз кылуу, облустун социалдык-экономикалык өнүгүшү боюнча маселелер талкууланат. Ошондой эле тажик тарап менен сүйлөшүү процесси боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, чек ара кызматташтыгын бекемдөө тууралуу маселелер каралат.

Өкмөт кабарлагандай вице-премьер-министр Баткен облусундагы иш сапарынын алкагында Көк-Таш айылынын жашоочулары менен жолукту. Бир катар маселелер, анын ичинде айылдын чагымчылдык аракеттер боюнча шек саналган төрт жашоочусунун камакка алынышы талкууланды. Анда бул маселе мыйзам чегинде каралары айтылды.

Баткен облустук милициясы төрт адам былтыр 18-декабрда жана быйыл 11-январда кыргыз-тажик чек арасындагы чырга байланыштуу «Массалык башаламандык» жана «Ээнбаштык» беренелери боюнча шек саналып жатканын кабарлаган. Кадамжай райондук соту 13-январда аларды бир айга камакка алды.

15-январда Баткен шаарында камакта отурган Зайниди Бердиевди, Улукбек Сапарбаевди, Нурбек Сапарбаевди жана Үсөн Сапарбаевди бошотууну талап кылган митинг өтүп жатат.

14-январда Баткен районунун Кызыл-Бел айылына чектеш Тажикстандын Гүлистон айылындагы «Гүлистон» чек ара бекетинде Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт мүчөлөрүнүн сүйлөшүүсү өттү. Узакка созулган сүйлөшүүнүн жыйынтыгында эки тарап күн тартибиндеги алты маселени макулдашып, протоколго кол коюшту. (BTo)

XS
SM
MD
LG