Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:01

Сот зордуктоо боюнча шектүү «Казак» кандай негизде бошотулганын түшүндүрдү


Умар Маратов 2019-жылы октябрь айында кармалгандан кийин сурак учурунда өзүн начар сезип ооруканага жаткырылган.
Умар Маратов 2019-жылы октябрь айында кармалгандан кийин сурак учурунда өзүн начар сезип ооруканага жаткырылган.

Ош шаардык соту «Зордуктоо» жана «Ээнбаштык» беренелери менен шек саналып жаткан «уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү» Умар Маратов кандай негизде эркиндикке чыкканын түшүндүрдү.

Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов «Азаттыкка» комментарий берди. Анын сөзү боюнча, Маратов Ош шаардык сотунун чечими менен ушул жылдын 8-январында үй камагына чыгарылган.

- Судья анын өздүгү такталганын, турукту жашаган жери бар экенин эске алып жана соттон качып кетүүгө себептери жок деген тыянакка келип, ошонун негизинде үй камагына чыгарган. Ал кечки саат 10дон эртең менен саат 6га чейин үйүнөн чыкпоого милдеттендирилип, аны көзөмөлдөө Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө жүктөлдү, - деди Осмонкулов.

«Казак» деген каймана аты менен белгилүү Умар Маратов буга чейин бир канча ирет «Уурулук» жана «Каракчылык» беренелери боюнча соттолуп чыккан. 2019-жылдын октябрь айында жашы жете элек 16 жашар кызды зордуктоо боюнча шектүү катары кармалган. Андан мурун Ош шаарындагы кафелердин биринде 23 жаштагы балага бычак сайып жиберген деп кармалган. Ал Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын тизмесинде «уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү» катары каттоодо турат.

Бекзат Осмонкулов «Ээнбаштык» беренеси боюнча Маратовго тосмо арыз жазылганын кошумчалады. (BTo)

XS
SM
MD
LG