Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:59

Журналист Сартбаев Аскер прокуратурасында сурак берүүдө


Асланбек Сартбаев.
Асланбек Сартбаев.

«Азия Ньюс» гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаев Аскер прокуратурасында сурак берип жатат.

Бул маалыматты «Азаттыкка» журналист Динар Турдугулова ырастады. Анын сөзүнө караганда, Сартбаев 15-январда саат 11де суракка кирген бойдон чыга элек.

- Аскер прокуратурасы Асланбек Сартбаев​ди Жеңиш Разаков боюнча маалыматтарга байланыштуу суракка чакырды, - деди Турдугулова.

Ал бул ишке байланыштуу Аскер прокуратурасынын тергөөчүсү аны да суракка чакырганын айтты. Өзү «Азия Ньюс» гезитинде штатта иштебей турганын, бирок гезитке макалалары жарыяланып турарын билдирди.

Аскер прокуратурасы бул боюнча азырынча расмий маалымат бере элек.

Былтыр март айында «Азия Ньюс» гезити вице-премьер-министр Жеңиш Разаков тууралуу макала басып, анда ал Тажикстанда кармалып чыкканын жазган. Басылма буга далил катары Разаков 2010-жылы Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы болуп турган учурда жетекчисине жазган түшүнүк катын жарыялаган.

Гезиттин редактору Асланбек Сартбаев түшүнүк кат гезиттин ишенимдүү булактарынан алынганын билдирген.

Жеңиш Разаков бул макалага байланыштуу «ар-намысыма шек келтирди» деп кадыр-баркын коргош үчүн гезитти былтыр август айында 10 млн. сомго сотко берип, 1 млн. сомго утуп алган. Разаков «басылма Жеңиш Разаковдун Тажикстандын атайын кызматтарына тиешеси бар деген анык эмес маалыматты жарыялаган» деп эсептейт. (BTo)

XS
SM
MD
LG