Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 18-январь, 2020 Бишкек убактысы 18:24

Кыргыз тарап Тажикстан менен алмашылчу жерлерди аныктоого киришти


Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков. 15-январь, 2020-жыл.

Кыргызстандын топографиялык жумушчу тобу Кыргызстан менен Тажикстандын вице-премьер-министрлеринин жолугушуусунда кол коюлган протоколдун пункттарынын бирин аткаруу боюнча ишке киришти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Топографиялык жумушчу топко ушул жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө Кыргызстандын Баткен району менен Тажикстандын Исфара шаарынын ортосундагы бир нече жерден окшош жана аянты бирдей тилкелерди өз ара алмашуу боюнча макулдашылган варианттарды иштеп чыгуу тапшырылган.

Жумушчу топтун жыйыны Баткен шаарында вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун жетекчилиги менен өтөт. Учурда тиешелүү сунуштарды даярдоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Мындан тышкары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын кезектеги жыйынына тиешелүү материалдар иштелип чыгууда.

14-январда Баткен районунун Кызыл-Бел айылына чектеш Тажикстандын Гүлистон айылындагы «Гүлистон» чек ара бекетинде Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт мүчөлөрүнүн сүйлөшүүсү өттү. Узакка созулган сүйлөшүүнүн жыйынтыгында эки тарап күн тартибиндеги алты маселени макулдашып, протоколго кол коюшту. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (7)

XS
SM
MD
LG