Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:05

Путин парламентке президенттин айрым укуктарын берүүнү сунуш кылды


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин 15-январда Федерация Кеңешиндеги кезектеги элге кайрылуусунда мамлекет башчынын айрым ыйгарым укуктары парламентке берилиши керек экенин билдирди.

Ага ылайык, Мамлекеттик Дума премьер-министр, вице-премьер-министр жана федералдык министр кызматтарына талапкерлерди тандап, аныктайт. Президент парламент сунуш кылган талапкерди ошол кызматка бекитип гана бере алат жана четке кагууга укугу болбойт.

Путин эгер премьер-министр же дагы башка жогорку кызматтагы аткаминерлер ишенимден кеткен учурда гана президент аны кызматтан четтете аларын айтты. Мамлекет башчы Куралдуу күчтөрдү башкаруу укугун сактап калат.

Путин андан сырткары мыйзамдагы «бир эле адам катары менен эки ирет президент болуп шайлана алат» деген жердеги «катары менен» деген сөздү алып салууну талкуулаш керек экенин белгиледи.

Былтыр жайында Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин парламенттин ыйгарым укуктарын кеңейтиш үчүн өлкөнүн Баш мыйзамын өзгөртүш керек экенин кайрадан айтып чыккан. Анда саясатчы «Мамлекеттик Дума өкмөттү түзүүгө аралашууга тийиш» деп айткан. Мамдуманын спикери мындай демилгени буга чейин да бир канча жолу көтөргөн.

Анын алдында «Bloomberg» агенттиги Кремль Владимир Путиндин кызматтык мөөнөтү аяктагандан кийин мыйзам чыгаруу органынын ыйгарым укуктарын күчөтүү жагын караштырып жатканын жазган. Ага ылайык, Путин президенттиктен кеткенден кийин кайра премьер-министр болушу мүмкүн. Ал эми өкмөт башчыны шайлоо укугу парламентке берилмекчи.

Орус мыйзамдары Путинге 2024-жылы үч жолу удаа президенттикке шайланууга тыюу салат. Ошондуктан ал кийинки шайлоого катыша албайт.

XS
SM
MD
LG