Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 26-январь, 2020 Бишкек убактысы 15:29

Журналист Сартбаев Аскер прокуратурасына беш саат сурак берип чыкты


Асланбек Сартбаев.

«Азия Ньюс» гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаев 15-январда Аскер прокуратурасында күбө катары беш саат сурак берип чыкты. Ал «Азаттыкка» комментарий берип жатып тергөөнүн купуялыгын ачыкка чыгарбоо боюнча тилкатка кол коюп бергенин билдирип, кайсы иш боюнча суралганын ачык айткан жок. Бирок сурак «Азия Ньюс» гезитине чыккан материалга байланыштуу болгонун кошумчалады.

- Бул журналисттик ишмердикке байланыштуу болду. Беш саат сурак мени кыжаалат кылып, моралдык, психологиялык кысым болду, - деди Сартбаев.

«Азия Ньюс» гезитине макалалары жарыяланып келаткан журналист Динар Турдугулова Асланбек Сартбаев гезитке вице-премьер-министр Жеңиш Разаков боюнча чыккан макалага байланыштуу суракка чакырылганын, бул материалга байланыштуу тергөөчү телефондон аны да суракка чакырганын жарыялаган.

Былтыр март айында «Азия Ньюс» гезити вице-премьер-министр Жеңиш Разаков тууралуу макала басып, анда ал Тажикстанда кармалып чыкканын жазган.

Басылма буга далил катары Разаков 2010-жылы Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы болуп турган учурда жетекчисине жазган түшүнүк катын жарыялаган.

Гезиттин редактору Асланбек Сартбаев түшүнүк кат гезиттин ишенимдүү булактарынан алынганын билдирген.

Жеңиш Разаков бул макалага байланыштуу «ар-намысыма шек келтирди» деп кадыр-баркын коргош үчүн гезитти былтыр август айында 10 млн. сомго сотко берип, 1 млн. сомго утуп алган. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (16)

XS
SM
MD
LG