Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев орус өкмөтү кызматтан кеткенин жарыялады. Бул тууралуу бир катар маалымат агенттиктери жазып чыкты.
Мындан бир нече саат мурда Орусиянын президенти Владимир Путин 15-январда Федерация Кеңешиндеги кезектеги элге кайрылуусунда мамлекет башчынын айрым ыйгарым укуктары парламентке берилиши керек экенин билдирген.
Ага ылайык, Мамлекеттик Дума премьер-министр, вице-премьер-министр жана федералдык министр кызматтарына талапкерлерди тандап, аныктайт. Президент парламент сунуш кылган талапкерди ошол кызматка бекитип гана бере алат жана четке кагуу укугу болбойт.
Путин эгер премьер-министр же дагы башка жогорку кызматтагы аткаминерлер ишенимден кеткен учурда гана президент аны кызматтан четтете аларын айтты. Мамлекет башчы Куралдуу күчтөрдү башкаруу укугун сактап калат.
Путин андан сырткары мыйзамдагы "бир эле адам катары менен эки ирет президент болуп шайлана алат", деген жердеги "катары менен" деген сөздү алып салууну талкуулоо керектигин белгиледи.
Өткөн жылы жайында Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин парламенттин ыйгарым укуктарын кеңейтиш үчүн өлкөнүн Баш мыйзамын өзгөртүү керек экенин кайрадан айтып чыккан.
Анда саясатчы «Мамлекеттик Дума өкмөттү түзүүгө аралашуусу керек» деп айткан. Мамдуманын спикери мындай демилгени буга чейин да бир канча жолу көтөргөн.
Анын алдында «Bloomberg» агенттиги Кремл Владимир Путиндин кызматтык мөөнөтү аяктагандан кийин мыйзам чыгаруу органынын ыйгарым укуктарын күчөтүү жагын караштырып жатканын жазган. Ага ылайык, Путин президенттиктен кеткенден кийин кайра премьер-министр болушу мүмкүн. Ал эми өкмөт башчыны шайлоо укугу парламентке берилмекчи.
Орус мыйзамдары Путинге 2024-жылы үч жолу удаа президенттикке шайланууга тыюу салат. Ошондуктан ал кийинки шайлоого катыша албайт.