Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:30

Кыргызстанда ЛГБТ өкүлдөрүнүн жашоосу тууралуу тасма тартылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

GRACE коомдук уюмунун жетекчиси Лилия Тендин "Азаттыкка" билдиргенине караганда тасма лесбиянка, би-сексуал жана квир-аялдардын жашоосу тууралуу баяндайт.

Тасмадагы каармандар Кыргызстандагы ЛГБТ өкүлдөрүнө мамиле, анын ичинде жыныстык жана башка зомбулукка кабылышы тууралуу айтып беришет. Тасманын бет ачары жабык өтөт.

- Бул тасма кеңири аудитория үчүн тартылган эмес, - деди ал. - Себеби, биздин коомчулук андай тасманы кабыл алууга даяр эмес экендиги баарыбызга белгилүү. Ошондуктан даректүү фильмдин бет ачары жабык болот. Андан кийин адам укуктары тууралуу тасмалардын эл аралык фестивалдарына жиберилет.

Кыргызстанда жыныстык азчылыктардын өкүлдөрүнө катаал мамиле жасаларын укук коргоочулар айтып жүрүшөт. Былтыр 8-мартта Бишкекте аялдардын тилектештик билдирген жүрүштө кыз-келиндердин укуктарын жактаган, феминисттик көз караштардан тышкары жыныстык азчылыкты колдогон плакаттар да болгону үчүн коркутууга кабылышканын марштын уюштуруучулары айтып чыгышкан.

Марш тууралуу талкууну парламенттин бир катар депутаттары кескин айыптап, акцияны «гей-парад» деп баалашкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG