Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:58

Кыргызстанда 2019-жылы салык 100% жыйналды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлкеттик салык кызматынын маалыматына караганда, былтыр 83,9 млрд. сом салык чогултулуп, баштапкы түзүлгөн план 100%, тагыраагы 10,8 млн. сомго ашыгы менен аткарылды. 

Маалыматка ылайык, салыктардын төлөнүшү мурдагыу жылга караганда 4 млрд. 405,6 млн. сомго көбөйгөн.

Алтын өндүрүүчү компаниялардын кирешелерине салык 128,1 %, бирдиктүү салык – 120,5%, жер салыгы – 111,3%, кыймылсыз мүлк салыгы – 107,5%, пайда салыгы – 106,4%, кыймылдуу мүлк салыгы – 104,4%, ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык – 103,7%, милдеттүү патенттин негизиндеги салык – 103,3%, жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык – 103,2%, салык катары эмес келип түшкөн каражат – 130,2% аткарылган. 

Салык кызматы 2020-жылы 93,7 млрд. сом суммасында салык топтоону көздөп турат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG