Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:38

Баткенде чек ара маселеси боюнча координациялык кеңешме башталды


Баткен шаарында өтүп жаткан координациялык кеңешме. 16-январь, 2020-жыл.
Баткен шаарында өтүп жаткан координациялык кеңешме. 16-январь, 2020-жыл.

16-январда Баткен шаарында кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу координациялык кеңешме башталды. Ага вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Орозбек Опумбаев (УКМК), Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеев, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров жана Баткен облусунун жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери катышууда.

Кыргыз өкмөтүнүн мааламаты боюнча, кеңешмеде Тажикстан менен чектеш жайгашкан аймакта коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, облустун социалдык-экономикалык өнүгүшү боюнча маселелер талкууланат. Тажик тарап менен сүйлөшүү процесси боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү чаралары каралат.

15-январда Бишкекте жана Баткенде чек ара маселесине байланыштуу митингдер өтүп, катышуучулар бийликке бир нече талап коюшту.

Анын ичинде кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан вице-премьер-министр Жеңиш Разаковду кызматтан кетирүү, Баткен районунун Көк-Таш айылында «Массалык башаламандык» жана «Ээнбаштык» беренелери боюнча шек саналып кармалган төрт кишини бошотуу жөнүндө талаптар бар.

14-январда Баткен районунун Кызыл-Бел айылына чектеш Тажикстандын Гүлистон айылындагы «Гүлистон» чек ара бекетинде Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт мүчөлөрүнүн сүйлөшүүсү өттү. Узакка созулган сүйлөшүүнүн жыйынтыгында эки тарап күн тартибиндеги алты маселени макулдашып, протоколго кол коюшту. Алардын бири - Кыргызстандын Баткен району менен Тажикстандын Исфара шаарынын ортосундагы бир нече жерден окшош жана аянты бирдей тилкелерди өз ара алмашуу. (MdN)

XS
SM
MD
LG