Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:43

Сузакта күйөөсү токмоктогон келин ооруканада жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Сузак районунун Ынтымак айылында күйөөсү токмоктогон 34 жаштагы келин райондук оорукананын сынык жарат бөлүмүндө дарыланып жатат. Аталган оорукананын өкүлдөрү «Азаттыкка» билдиргендей 14-январда жаткырылган бейтаптын мээси чайкалып, мурдунан жаракат алган. Мындан сырткары эки көзүнүн тегерегинде көк ала издер да бар.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, окуя 13-январда күндүзү катталган.

«Аялдын арызынын негизинде Жазык кодексинин «Ээнбаштык» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Токмоктолгон келинге соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгына жараша окуяга юридикалык баа берилет», деп айтылат маалыматта.

Айылдаштарынын айтымында 4 балалуу келин Ынтымак айылында күйөөсү менен көп жылдан бери батирде турушат. Зомбулук фактылары бул үй-бүлөдө буга чейин да катталып турган. Өзү айылдагы мектепте мугалим, күйөөсү ошол эле жерде күзөтчү болуп иштейт.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, үй-бүлөдөгү чыр-чатактардын жана аялдарга карата зомбулук фактыларынын 70% аракечтикке байланыштуу. Өткөн жылы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 8159 арыз катталса, алардын 554 гана сотко жөнөтүлгөн. 7045 иш тосмо арыз жазылгандыктан кыскартылган. (RsK)

XS
SM
MD
LG