Президент Сооронбай Жээнбеков 16-январда үч жыл мурун Чүй облусунун Сокулук районундагы Дача СУ айылында авиакырсыктан жакындарын жоготкон балдар менен жолукту. Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, Жээнбеков тиешелүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик тарабынан алардын ар кандай социалдык-тиричилик маселелерин чечүүгө дайым көңүл буруларын билдирди.
Жолугушуунун соңунда президент балдарга китептерди жана электрондук планшеттерди тапшырды. Жолугушууга жакындарынын коштоосунда Жакшылык Шералиев, Султан Абакиров, Элайым Райымкулова, Мирлан Нурланов, Эрлан Шаршенбеков жана Сайкал Карыпбаева келди.
2017-жылы 16-январда таңга жуук түркиялык «Боинг-747-400» жүк ташуучу учагы Дача СУ айылына кулаган. Авиакырсык 39 кишинин, анын ичинде балдардын өмүрүн алган. Набыт болгондордун 35и жергиликтүү тургундар, төртөө экипаж мүчөлөрү болгон. Мындан тышкары ондогон турак жай кыйраган.
«Гонконг-Бишкек-Стамбул» багытында баратып кулаган учакта 85 тоннадан ашык жүк болгону жана ал Бишкекке май куюу үчүн конууга аракеттенгени айтылган.
Учактагы жүктүн арасынан кыргыз тилиндеги нускамалардын табылганы көптөгөн суроолорду жараткан. Бирок «Учактагы жүктүн ээси кимдер болгон?» деген суроого ушул күнгө чейин жооп табыла элек. (BTo)