АКШнын президенти Дональд Трамп 15-январда түрк мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Анда эки өлкөнүн лидерлери Ирандагы, Сириядагы жана Ливиядагы соңку кырдаалды талкуулаганы кабарланды. Бирок анын чоо-жайы, кандай чечим кабыл алынганы тууралуу маалымат берилген жок.
Жакынкы Чыгыштагы абал өткөн апталарда Ирандын таасирлүү генералы Касем Сулеймани Багдадда өлтүрүлгөндөн бери курчуп жатат. Буга Тегерандын украиналык жүргүнчү ташыган учакты кокусунан атып алганы да кошул-ташыл болду.
Москвада 14-январда Орусия менен Түркиянын ортомчулугу астында өткөн, Ливиядагы жаатташкан тараптарды жараштыруу жараяны үзгүлтүккө учураган. Анда Эрдоган Ливияда генерал Халифа Хафтардын армиясы эл аралык коомчулук тааныган Улуттук ынтымак өкмөтүнө чабуулун уланта турган болсо, Түркия анын «сазайын берерин» эскерткен.
Ливияда 2011-жылы өлкөнү ондогон жылдар бою башкарган Муаммар Каддафи бийликтен кулатылгандан бери түрдүү куралдуу топтордун ортосунда ич ара чыр-чатак тынчыбай келет. Негизги тирешүү БУУ тааныган Улуттук биримдик өкмөтү менен генерал Халифа Хафтар баш ийген парламенттин ортосунда жүрүп жатат.
Ал арада Германиянын канцлери Ангела Меркел 19-январда Берлинде Түркиянын, АКШнын, Орусиянын, Британиянын, Франциянын, Италиянын жана Кытайдын лидерлери менен жолугуп, Ливия маселесин талкуулаганы жатат. Ага Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антонио Гуттериш да катыша турганын ырастады.