chyndyk.kg сайтынын редактору, журналист Турсунбек Бейшенбеков 16-январда Аскер прокуратурасында 1,5 саат сурак берип чыкты.
Бул тууралуу «Азаттыкка» Бейшенбеков өзү билдирди. Ал сотко чейинки өндүрүш ишинин маалыматтарын ачыкка чыгарбоо боюнча тилкатка кол коюп бергенин айтып, кайсы иш боюнча суралганын ачык айткан жок. Бирок сурак анын журналисттик ишине байланыштуу болгонун кошумчалады.
Анын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова да Бейшенбеков кайсы иш боюнча суракка алынганын жана кимдир-бирөөлөрдүн аты-жөнүн айта албай турганын билдирди. Бирок иштин айрым жагдайлары боюнча комментарий берди.
- Мамлекеттик жогорку жетекчилерге байланыштуу иш боюнча сурак берди. Ошонун негизинде журналисттик кесибине тиешелүү маалыматтарды сурап жатышат. Бул маалымат көптөн бери эле жалпыга маалымдоо каражаттарында жазылып келаткан. Ушул боюнча тастыктоо иштери жүрүп жатыптыр, - деди Токтакунова.
15-январда «Азия Ньюс» гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаев Аскер прокуратурасында күбө катары беш саат сурак берип чыккан. Ал «Азаттыкка» комментарий берип жатып тергөөнүн купуялыгын ачыкка чыгарбоо боюнча тилкатка кол коюп бергенин билдирип, кайсы иш боюнча суралганын ачык айткан эмес. Бирок сурак «Азия Ньюс» гезитине чыккан материалга байланыштуу экенин билдирген.
«Азия Ньюс» гезитине макалалары жарыяланып келаткан журналист Динар Турдугулова Сартбаев гезитке вице-премьер-министр Жеңиш Разаков боюнча чыккан макалага байланыштуу суракка чакырылганын жарыялаган.
Аскер прокуратурасы журналисттердин акыркы сурактары боюнча маалымат бере элек. (BTo)