Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:21

Разаков чек ара боюнча митингге катышкан жетекчилерге чара көрүүнү сунуш кылды


Координациялык кеңешме учурунан. Баткен шаары. 16-январь, 2020-жыл.
Координациялык кеңешме учурунан. Баткен шаары. 16-январь, 2020-жыл.

Баткенде чек ара маселеси боюнча өткөрүлгөн координациялык кеңешмеде вице-премьер-министр Жеңиш Разаков митингге катышкан айыл өкмөт башчыларына жана туугандарына тили өтпөгөн жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө карата кызматтык иликтөө жүргүзүүнү сунуш кылды.

Кеңешмеде Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев Тажикстан менен чектеш жайгашкан Максат айыл өкмөтүнүн башчысы Сапарали Адинаевдин Бишкектеги митингде жүргөнүн маалымдады. Лейлек районунун акими айыл өкмөт башчысы учурда мыйзамдуу эмгек өргүүсүндө жүргөнүн айтып, мындай учурда ал каалаган жерге барууга укугу бар экенин билдирди. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков митингде жүргөн айыл өкмөт башчысына карата кызматтык иликтөө жүргүзүүнү талап кылды:

- Бизде элди дүрбөлөңгө салып аткан жетекчилерибиз бар. Ошону толук кызматтык иликтөө жүргүзүп, губернаторго бериңиз. Андай кызматкерлер элди башкарып.. андай болбойт. Мамлекеттик саясатка, президенттин саясатына каршы чыккан жетекчилер менен... Бир жуманын ичинде кызматтык иликтөө жүргүзүп, губернаторго маалымат бериңиз, ал мага маалымат берет. Айыл өкмөт башчысы эл шайлаган жетекчи да. Силер отурасыңар!

Вице-премьер-министр Баткенде жана Бишкекте чек ара маселеси боюнча митингге чыккандар жетекчилик кызматтагылардын туугандары экенин белгилеп, эки акимдин орун басарларын зекиди:

- Өзүң акимдин орун басары болуп турсаң, сенин туугандарың митингде жүрүшөт. Туугандарыңа тилиң өтпөсө, анда жыйынтык чыгарыш керек. Мен айтып жаткан нерсе ушул. Жетекчи деген толук кандуу болушу керек да. Сен бул жерде «түшүндүрүү иштерин жүргүздүк» деп атасың, ал жакта туугандарың митингде жүрүшөт. Кызык көрүнүш бул... Эки акимдин орун басарынын жоопкерчилигин караңыздар, катуураак караңыздар. Мен да өз сунушумду айтам.

16-январда Баткен шаарында вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун жетекчилиги алдында күч түзүмдөрүнүн башчылары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышкан координациялык кеңешме өттү.

Анда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров 2019-жылы кыргыз-тажик чек арасында 14 ирет чыр-чатак чыгып, анын 11и Баткен районунун, үчөө Лейлек районунун аймагында катталганын жарыялады. Чек арада чыккан чатактын сегизинде жергиликтүү эки эл тарабынан ок атылган. Чек ара аймагында тажик жарандары тарабынан 37, кыргыз тараптан 10 мыйзамсыз курулуштарды салуу катталган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG