Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:20

Казакстан: сот Кытайдан качып келген казакты өлкөдөн чыгаруудан баш тартты


Отуз жаштагы Тлек Табарак сот залында. 16-январь, 2020-жыл.
Отуз жаштагы Тлек Табарак сот залында. 16-январь, 2020-жыл.

Жаркент шаардык соту 16-январда Шиңжаңдан качып келген теги казак Тлек Табаракты "чек араны мыйзамсыз бузганы үчүн" алты айга эркинен ажыратты. Бирок прокуратуранын Табаракты өлкөдөн чыгаруу тууралуу өтүнүчүн канааттандырган жок.

Судья Динара Куйкабаева чыгарган чечимге ылайык, Тлек Табарак камакка алынган 22-октябрдан берки ар бир күн эки күнгө эсептелет. Мындан тышкары Табарак 25 миң теңге (65 доллар) айыппул төлөйт.

Өкүм чыгарууда сот Табарактын мурда соттолбогонун жана анын ата-энеси Казакстандын жарандары экенин эске алганын "Азаттыктын" Жаркенттеги кабарчысы билдирди.

Шиңжаңдагы мусулман азчылыктарына жасалып жаткан катаал мамиледен улам ондогон казак тектүүлөр былтыр Казакстанга качып келишкен. Алардын дээрлик баардыгы сот аркылуу жеңил жазага тартылып, бирок өлкөдөн чыгарылган эмес.

XS
SM
MD
LG