Украинада премьер-министр Алексей Гончарук кызматын тапшыруу үчүн арыз жазды.
Мунун алдында анын президент Владимир Зеленскийди жамандаганы тууралуу, тымызын жаздырылып алынган аудио жазуу тарап кеткен.
Гончарук "Фейсбуктагы" баракчасына "Мен бул кызматка президенттин программасын аткарганы келгем. Ал мага ачыктыктын, өзүн түз алып жүрүүнүн үлгүсү. Бирок ага болгон сый-урматка, ишенимге кандайдыр бир күмөн жаратып, көлөкө түшүрбөө максатында мен отставка тууралуу арыз жазып, президентке жөнөттүм", - деп жазды.
Президенттин кеңсеси арыз келип түшкөнүн ырастады.
Чуулгандуу аудио жазууда премьер-министрдин, Улуттук банктын төрагасынын орун басарынын жана каржы министринин үндөрүнө окшош адамдар өлкөнүнүн экономикалык саясатын талкуулаганын жана бул багытта президенттин шык-дарамети тууралуу анча жакшы эмес пикирлерди айтып жатканын укса болот. Гончарук бул аудио жазууда өзү экенин ырастаган да, четке да каккан эмес.
36 жаштагы Алексей Гончарук былтыр август айында премьер-министр болуп дайындалган жана ошол маалда дүйнөдөгү эң жаш өкмөт башчы болуп калган. Аны бул кызматка президенттин "Эл кызматчысы" партиясы сунуштаган. Гончарук ага чейин президенттик администрациянын башчысынын орун басары болуп иштеген.