Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:58

Чек ара кызматы Бишкек-Торугарт жолундагы окуя боюнча түшүндүрмө берди


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы Бишкек-Нарын-Торугарт автожолундагы транзиттик аймакта жайгашкан май куюучу жайларды зым менен тосуп жаткан казак аскерлери боюнча түшүндүрмө берди.

Мекеменин маалыматына караганда, Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда Казакстанга тиешелүү 800 метр аймак бар. Казак тарап ошол аймакты убактылуу зым менен тосту жана Казакстандын аймагында жайгашкан «Азия», «Достык» май куюучу жайларына кирүүгө тыюу салынды.

Ошону менен бирге транзиттик жол ачык бойдон калат жана кошумча жол белгилери орнотулуп, маалыматтык такталар илинет. Мамлекеттик чек ара кызматы кыргызстандыктарды транзиттик аймакта жүрүүнүн эрежесин сактоого жана бул жолдон адамдарды, жүктөрдү салып түшүрбөөгө чакырды.

17-январда социалдык тармактарда Бишкек-Нарын-Торугарт автожолундагы «Азия» жана «Достык» май куюучу жайларын аскер кызматкерлери зым менен тосуп жаткан видео тараган. Жарандар бул иштер кимдер тарабынан жасалып жатканына кызыгып, май куюучу жайлар эмне үчүн тосулууда деген суроолорду беришкен. (BTo)

XS
SM
MD
LG