Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:35

Зеленский премьер-министрдин арызын кабыл алган жок


Алексей Гончарук.
Алексей Гончарук.

Украинанын президенти Владимир Зеленский өкмөт башчы Алексей Гончаруктун кызматтан кетүү тууралуу арызын кабыл албай койду.

Мамлекет башчы билдиргендей, ал өкмөт жетекчиси жана өкмөт мүчөлөрүнө дагы бир мүмкүнчүлүк берип көрүүнү чечти.

- Өкмөт бүгүнкү күндө кээ бир маанилүү тапшырмалар боюнча кечиктирилгис чечимдерди кабыл алышы керек жана коомчулукту тынчсыздандырган маселелерди чечиши абзел, - деп жазылат президенттин расмий сайтында.

Зеленскийдин билдирүүсүндө азыр өлкөнү саясий жана экономикалык жактан титирете турган учур эмес экени белгиленди.

Буга чейин Гончарук өз ыктыяры менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган. Бул кадамга ал Интернетке жайылып кеткен аудио сүйлөшүүсүнөн кийин барган. Анда өкмөт башчы Зеленскийди экономиканы жакшы түшүнбөгөнү сындаган.

Украинанын Конституциясына ылайык өкмөт башчыны кызматтан кетирүү тууралуу чечимди Жогорку Рада кабыл алат. Бирок Гончарук өз арызын президент Зеленскийге жолдоп, чечимди мамлекет башчы Жогорку Радага өткөрүп берүүнү өзү кабыл алышы керек деп эсептеген.

Гончарук анын Интернетке тараган аудиосу өкмөт жыйынынан алынган үзүндүлөрдөн монтаждалып жасалганын билдирген. Анда премьер-министр өлкөдөгү реформаларга каршы чыгып жаткандарды айыптаган. Өз кезегинде Зеленский аудиону бурмалап, Интернетке чыгарган адамдарды аныктоого эки жумалык мөөнөт берди. Мындан ары ушул өңдүү көрүнүштөр орун албашы үчүн тийиштүү чараларды кабыл алууну тапшырды.

Аудиожаздыруу 15-январда YouTube порталына жарыяланган.

Гончарук өкмөт башчысы болуп өткөн жылы дайындалган. (SDz)

XS
SM
MD
LG