Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:26

Германиянын калкынын саны 200 миң адамга көбөйдү


Германия, Бранденбург дарбазасы.
Германия, Бранденбург дарбазасы.

Германияда төрөлүү көрсөткүчү тарыхтагы эң ылдыйкы чекке жеткенине карабай, калктын саны былтыркы жылга салыштырмалуу 200 миң адамга көбөйдү. Өлкөнүн статистикалык комитети кабарлагандай, 2019-жылы калктын саны 83,2 миллион адамга жетти.

Адистери бул көрсөткүч мигранттардын эсебинен көбөйгөнүн эсептеп чыгышты.

Эгер Германия мигранттарга “ачык эшик” саясатын жүргүзбөгөндө, калктын саны 1972-жылдан тарта азая баштамак. Анткени мамлекетте калктын төрөлүү саны, адамдардын өлүмүнө караганда аз.

Алсак, 2019-жылы Германияда 770 миң ымыркай төрөлсө, ошол эле учурда 920 миң адам өлгөн.

“Немис толкуну” маалымдагандай, 2018-жылы өлкөдөн чыгып кеткендерди кошкондо, Германияга 399 миң адам көбүрөөк кирген.

Германияда балдардын аз төрөлүшү өлкөнүн негизги көйгөйлөрдүн бири. Анын натыйжасында мамлекеттин пенсиялык системасы жылдан жылга талылуу маселеге айланып баратат. (SDz)

XS
SM
MD
LG