Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:01

Улуттук банк Дата борборун ишке киргизди


Сооронбай Жээнбеков Дата борбордун иши менен таанышууда.
Сооронбай Жээнбеков Дата борбордун иши менен таанышууда.

Улуттук банк Маалыматтарды иштеп чыгуу борборун (Дата борбору) ишке киргизди.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов Дата борбору дүйнөгө таанымал эл аралык көз карандысыз Uptime Institute уюмунун сынынан өткөн Борбор Азиядагы жалгыз борбор экенин билдирди.

- Дата борбору бардык төлөм системаларын модернизациялоого, калкыбызга көптөгөн жаңы санариптик продукцияларды берүүгө мүмкүндүк берет. Эң башкысы — Дата борборун ишке киргизүү өлкөнүн төлөмдөрүнүн толук коопсуздугун камсыздап, банк секторун санариптештирүү боюнча жаңы амбициялык долбоорлорду иштеп чыгуу жөнүндө ойлонууга өбөлгө түзөт, - деп белгиледи Толкунбек Абдыгулов.

Улуттук банктын төрагасы кошумчалагандай, электр кубаттуулугу өчүп калганда Дата борборунун жабдуулары чектелбеген мөөнөткө үзгүлтүксүз иштей алат. Бул өлкөнүн банк жана төлөмдөр системаларынын ишинин туруктуулугун бир кыйла жогорулатмакчы.

Президенттик аппараттан билдиришкендей, Дата борбордун ишке киришине 17-январда президент Сооронбай Жээнбеков күбө болду. Өлкө башчы банк секторун санариптештирүү өлкөнү санариптик трансформациялоо боюнча мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири экенин белгиледи. (SDz)

XS
SM
MD
LG