Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:10

Сот Көк-Ташта кармалгандардын экөөнү үй камагына чыгарды


Көк-Таш айылы. 11-январь, 2020-жыл
Көк-Таш айылы. 11-январь, 2020-жыл

Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Баткен облустук сотунун басма сөз катчысы Манас Сейтказиев билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-январда Кадамжай райондук соту Жазык кодексинин 264-беренесинин 2-бөлөмү (“Массалык башаламандыкка катышуу”) менен шек саналган Улукбек Сапарбаев менен Үсөн Сапарбаевди үй камагына бошотту. Сот Үсөн Сапарбаевдин 2-топтогу майыптыгын, Улукбек Сапарбаевдин беш баланын атасы, үй-бүлөдөгү камкорчу экенин эске алган.

Ал эми Жазык кодексинин 264-беренесинин 1-бөлүмү (“Массалык башаламандыкты уюштуруу”) 253-беренесинин 1-бөлүмү (“Ок атуучу куралды мыйзамсыз алып жүрүү”) менен шек саналган Зайнидин Бердиев жана Нурбек Сапарбаев эки айга камакта калды.

11-январда Баткен районунун Көк-Таш айылында «Массалык башаламандык» жана «Ээнбаштык» беренелери боюнча шектүү катары төрт киши кармалган.

10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан. Тажик тараптан ок туш келди атылганы кабарланган. Бул чатактан соң Кыргызстан окуя үчүн тажик жарандарын айыптаса, Тажикстан чатакка кыргыз жарандарынын аракети түрткү болгонун билдирген. Кыргыз чек арачылары тажик тараптын маалыматын четке каккан. (MdN)

XS
SM
MD
LG