Казакстандын Актөбө шаарында ондогон айдоочулар Калкты тейлөө борборунун имаратынын алдына автоунааларын мыйзамдаштырып берүү талабы менен чыгышты.
Алар Казакстандын ИИМи өлкөдөгү кыргыз, орус жана армян номурлары тагылган автоунаалар мыйзамсыз экенин айтканына нааразы. ИИМдин маалыматында чет өлкөлүк номуру бар айдоочулар автоунаасы үчүн бардык бажы салыгын төлөп, кайра каттоого турушу зарыл.
Буга нааразы болгон айдоочулар автоунааларды мыйзамдаштырып берүү талабын коюшууда.
ИИМдин маалыматында Казакстанда чет өлкөнүн номуру менен 170 миңдей автоунаа катталган. Жаңы эрежеге ылайык, айдоочулар машинелерин каттоого коюу үчүн миллион теңгеге чейин бажы салыгын төлөшү кажет.
Ал эми бажы төлөмүн төлөгүсү келбеген айдоочулар автоунааны 30 күнгө өлкөдөн чыгарып турууга милдеттендирилет. Бул эки шартка көнбөгөндөрдүн чет өлкөгө чыгып, автоунааны сатуудан башка аргасы жок.
Министрликтин билдирүүсүндө, айтылган эрежелерди сактабаган чет өлкөлүк номуру бар айдоочулар айыпка жыгылып, автоунаа атайын токтотуучу жайга киргизилет.
Маалым болгондой, айдоочулар автоунааларды мыйзамдаштырып берүү талабы менен Семей, Петропавловск жана башка шаарларда митинг өткөрүүнү пландашууда. Азырынча нааразылыктар Алматы, Актау жана Жаңы-Өзөн шаарларында өттү. (SDz)